www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Парламент депутаты Дастан Бекешев УКМК тууралуу мыйзам долбоорлоруна эл өкүлдөрү берген айрым сунуштар камтылбай экинчи окуудан өткөнүн айтып чыкты.
Ал мыйзам долбоору парламентте биринчи окуудан өткөндө депутаттар бир катар сунуштарды бергенин билдирип жатат.
Жогорку Кеңеш 27-апрелдеги отурумда УКМКнын ишмердүүлүгүнө байланыштуу мыйзам долбоорлорунун пакетин экинчи окууда жактырган.
Анда "Улуттук коопсуздук органдары”, “Чалгындоо жана контрчалгындоо ишинин маселелери”, “Контрчалгындоо”, “Тышкы чалгындоо”, “Терроризмге каршы аракеттенүү” жөнүндө беш мыйзам долбоору бар.
Документ кабыл алынса, атайын кызматка прокуратуранын уруксатысыз эле жарандарды тыңшоого жана тасмага тартууга уруксат берилет.