www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Вебкам студияларды укук коргоо органдары менен УКТлар калкалайт. Мындай пикирди депутат Дастан Бекешев "Депутаттын ойлору" аттуу телеграм каналында айткан.
"Вебкаминг бизде акыркы кезде тездик менен өнүгүп жатат. Бул ишмердүүлүк менен алек болгондор салык дагы төлөшпөйт. Себеби буларды укук коргоо органдары менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү калкалайт. Вебкам студиялардан түшкөн акчалар аларга дагы түшөт. Улам ачылып жаткан вебкам студиялар бири-бири менен атаандашып иштеп жатышат. Студиялар Финпол кызматкерлеринен тартып караларга чейин бири-бирине жиберип, кадимкидей салгылашуу жүрүп турат.
Буга карабастан мындай студиялар ачылып, өнүгүп жатат. Тилекке каршы, вебкаминг ишмердүүлүгүндө аябай көп кыздар иштейт. Албетте, биздин жарандарыбыздын ушундай жол менен акча таап жатканы өкүндүрөт. Ак эмгек менен акча тапса жакшы болмок. Бирок бизде бардык жакта ушундай хаос болуп жаткандыктан мамлекет бул нерсени колго алууга же легалдаштырып, же болбосо күрөшүүгө чамасы жетпейт", - деген депутат.
Булак: NazarNews.kg