www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Журналисттин иликтөөсү кандай болбосун анын жеке жашоосуна кийлигишпей, маданияттуу түрдө жооп бериш керек", - деди депутат Дастан Бекешев . Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 26-январда парламенттин кезектеги жыйынында билдирди.

"Журналисттер иликтөө жасаганда ал туура эмеспи, жалган болобу ага маданияттуу жооп бериш керек. Пресс-конференция уюштурабы, пресс-релиз аркылуубу анын ар кандай жолу бар. Бирок журналисттерге басым кылып, жеке жашоосун видеого тартып жарыялап... Биз ушундай деңгээлге түшпөсөк. Чындыгында УКМК өзү эле уят болуп жатат. Атайын кызмат, Башкы прокуратурага айтат элем, цивилдүү ыкма менен жооп берсеңер", - деди Бекешев.

Эске салсак, иликтөөчү журналист Болот Темировду жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция 22-январдын кечинде кармап кеткен. Журналисттер, активисттер жана акындар 23-январда чогулуп, аларды бошотуу талабын коюшкандан кийин экөө үй камагына чыккан.

Ал эми Ички иштер министрлиги аларды "баңгизат саткан жана аны мыйзамсыз даярдаган" деп айыптап жатат. Журналист менен акын коюлган айыптарды четке какты. Темиров Live Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиев тууралуу атайын иликтөө жарыялаган.

Көп өтпөй Болот Темиров жана төкмө акын Болот Назаров тууралуу социалдык тармакта жашыруун жаздырылган аудио, видеолор тарады. Аты-жөнү шектүү аккаунттар аркылуу таркатылып жаткан тасмалар жашыруун жаздырылганын байкоого болот. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости