www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Дастанбек Жумабеков паралментте коллегиясы Элвира Сурабалдиеваны мамлекеттик кайтарууга алуу боюнча күзөт кызматы зарылдыгын айтып, анын себебин сотто УКМКнын мурдагы төрагасы, айыпталуучу Камчыбек Ташиев тарабынан жасалган басым-кысымды негиз кылып, өмүрүнө коркунуч бар деген жүйө келтирген.
Бирок анын мындай “шоусу” коом тарабынан башкача кабылданды. Анткени депутатка жан тарткандай маанай жараткысы келген ниетинин артында, бир кезде Камчыбек Ташиевдин оң колу, ишенимдүү адамы УКМКнын Бишкек шаары, Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыктарын башкарган иниси Салмоорбек Жумабековду бийликке жагынып калкалоо аракети катары кабылданды.
Дегенибиз, Ташиев иштен алынганда анын Эду, “Пито”, “Вазелин”, “Күчүк” сыяктуу бир катар “жетим жүгүрүктөрү” да иштен алынып, кылмыш иши козголуп камалды. Кызыгы, дал ушулардын башында турганы айтылган Салмоорбек Жумабеков иштен алынганы менен кылмыш ишинен четте калды. Коомчулукта эмнеге эмнеге жоопкерчиликке тартылбай жатат деген суроолор күч. Бул жагдай 75чилерден бешөө камалып, алардын башында турган Ташиев, Шакиев, Зулушев эркиндикте жүргөнүндөй эле окшош фактор.
Андыктан, учурунда Ташиевдин көзүнүн агы менен айланган Жумабеков бүгүн ага азуу көрсөтүп, сын айтып, бийликке “биз сиз тараптабыз” дегенди туюндургусу келип бакылдап жатканы, өзүнүн жон терисин көздөгөн жеке мүдөөсү экени кашкайып көрүнүп турат десек жарашат.
Баса, Салмоорбек Жумабеков далайларды сыздатып турганда, Дастан Жумабеков дал ушул иниси таянып түрк ишкеринин миллиондогон долларлык ун комбинаты баш болгон мүлктөрүн тартып алганы боюнча түрк ишкери Өлкө башчысы Садыр Жапаровго, тиешелүү укук коргоо органдарына кайрылып жүргөн кези.
Сыягы, алма сабагынан алыс түшпөйт дегендей, ага-инилер кызарган жерлерди үзүп-жулуп өз билгендерин кылган көрүнөт. Анан бүгүн минтип “ак карга” көрүнүп, акыйкаттык, коопсуздук тууралуу шилекей чачыратып акчыланып жатканы күлкү келтирет.