www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңылануу жаштар тилектештиги. Өлкө жаңылануу -жаштардын гана колунда!

Эгемен доорунун отуз жылы өттү. Эл казынасынан 30 миллиард доллар уурдалып, 32 жолу өкмөт, 5 жолу президент, 11 жолу баш мыйзам алмашса дагы өлкө алдыга жыла албай, улам артка кетип, эл үмүтү акталбай, коррупция жөө тумандай коомду басып, жакшылар жакырланып, шылуун, шумпай, шүмшүктөр СССРден калган эл байлыгын талап, тоноп, арам байлыктын арты менен депутат, министр, олигарх болуп, мекенибизди кемитип, чек аралар такталбай, бир миллиондон ашык күчүнө толуп турган кырчындай жигит-кыздарыбыз өз мамлекетине кереги жок болуп, бөлөк элге, бөтөн жерге көр оокаттын азабынан кетип, кыйналып, чайналып жүрөт.

Адилет таппай, калыстык издеген калктын үмүтү (кары-жашына карабай) өчүп баратканда аны жандырган жаңылануу жалпы элдин тилеги болуп калды.

Отуз жыл бою өлкөнү бүгүнкү абалга алып келген улуу-орто муун (баары эмес) жаңыланууга жөндөмсүз же аны каалабайт.

Анткени, жаңылануу кыргыздын чыныгы, улуу тарыхын билип, ага таянууну талап кылат жана отуз жыл эгемен доордо басып өткөн жолду калыс баалап, кетирилген ката, адашууларды талдап, туура жыйынтык чыгара алганда ишке ашат.

Бул улуу, тарыхый түйшүктү, эл тагдырын чечкен мезгил сыноосун, анын азабын да, сыймыгын да жаңыча ой жүгүрткөн, жүрөгүндө «эл ‒ мекен» деп жалындуу өтү күйгөн намыстуу мекенчил жаштар гана көтөрө алат! (албетте, улуу-орто муундун таза, тажрыйбалуу, адискөй өкүлдөрүнүн кеңеши менен).

Бул талашсыз жана улуу чындык! Өлкө абалы оор жана дүйнө саясаты олку-солку болуп, эл аралык укук эрежелер, келишимдер иштебей калган кырдаалда ‒ өтө опурталдуу жана кооптуу!

Отуз жылда үйүлүп, чечилбей, катып калган көйгөйлөрдү күч менен чечүү болбой калды!

Ынтымак менен биримдикти ыйык тутуп, бабалардын насаат, үлгү, тажрыйбасын эске алып, кеңешип, саясый туруктуулукту, мыйзамдуулукту, көздүн, карегиндей сактап өлкө абалын жаштар гана оңоп кете алат!

Өлкө жаңылануу ‒ жаштардын колунда!

Кыргыз көчү түзөлүп, байсалдуу болсун!

Демилгелүү топ:

Байланыш дарек: +996 703 360 650

Дастан Сарыгулов, коомдук ишмер

Булак: NazarNews.kg

Последние новости