www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Батыш элдеринин дүнүйөтаанымы ыйык китептин негизинде калыптанган. Мындай пикирин коомдук ишмер Дастан Сарыгулов билдирди.
«Батыш элдеринин дүнүйөтаанымы ыйык китептин негизинде калыптанган. Үзүндү келтирейин: «Анан Кудай мындай деди: «Биздин бейнебиз боюнча өзүбүзгө окшоштуруп адам жараталы. Алар деңиздеги балыктарга, асмандагы канаттууларга, малдарга, жер үстүндө сойлоп жүрүүчү жаныбарларга, бүт жер үстүнө бийлик кылышсын.»
…Кеч кирип, таң атты: алтынчы күн өттү.» - 1-бөлүм. Дүйнөнүн жаралышы. (Мусанын биринчи китеби. Башталышы. Байыркы келишим. Тоорат. Забур. Инжил. Кудай сөзү. 2004-ж. «Үмүт нуру», Copyright).
«Кудай адамды жаратты, ал жер үстүнө бийлик кылсын», – деди. Демек, адам болуу, адамча жашоо жөнүндө сөз жок. «Жандуунун баары адамга шерик» - деген ой жок. Тескерисинче, адам баарына бийлик кылсын деп турат (бийлик кылсын – башкарсын, тагдырын чечсин - дегени).
Батыш элдеринде рухий дүйнө (жан дүйнө) түшүнүгү ыйык китеп менен чектелген. Кыргыз «чымын, чиркейдин да жаны бар» - деп түшүнсө, орус эли «у мухи, комара душа есть» деп айтпайт, андай түшүнүк да жок. «Адал, арам» дегенди алар өз тилине «добро, зло» деп которот», - деп белгилеген Сарыгулов.
Булак: NazarNews.kg