www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Батыш элдеринде рухий дүйнө (жан дүйнө) түшүнүгү ыйык китеп менен чектелген. Бул тууралуу коомдук ишмер Дастан Сарыгулов билдирди.

«Батыш элдеринин дүнүйөтаанымы ыйык китептин негизинде калыптанган. Үзүндү келтирейин: «Анан Кудай мындай деди: «Биздин бейнебиз боюнча өзүбүзгө окшоштуруп адам жараталы. Алар деңиздеги балыктарга, асмандагы канаттууларга, малдарга, жер үстүндө сойлоп жүрүүчү жаныбарларга, бүт жер үстүнө бийлик кылышсын.»

…Кеч кирип, таң атты: алтынчы күн өттү.» - 1-бөлүм. Дүйнөнүн жаралышы. (Мусанын биринчи китеби. Башталышы. Байыркы келишим. Тоорат. Забур. Инжил. Кудай сөзү. 2004-ж. «Үмүт нуру», Copyright).

«Кудай адамды жаратты, ал жер үстүнө бийлик кылсын», – деди. Демек, адам болуу, адамча жашоо жөнүндө сөз жок. «Жандуунун баары адамга шерик» - деген ой жок. Тескерисинче, адам баарына бийлик кылсын деп турат (бийлик кылсын – башкарсын, тагдырын чечсин - дегени).

Батыш элдеринде рухий дүйнө (жан дүйнө) түшүнүгү ыйык китеп менен чектелген. Кыргыз «чымын, чиркейдин да жаны бар» - деп түшүнсө, орус эли «у мухи, комара душа есть» деп айтпайт, андай түшүнүк да жок. «Адал, арам» дегенди алар өз тилине «Добро, Зло» деп которот», - деди Сарыгулов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости