www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга белгилүү коомдук ишмер Дастан Сарыгулов менен "Кыргыз салттуу билими - өнүгүүнүн өбөлгөсү" деген темада кызыктуу маек курдук. 

-- Саламатсызбы агай, кыргыз салттуу билими жөнүндө маалымат жокко эсе. Бул билим жөнүндө эмнегедир академиктер, депутаттар, министрлер айтышпайт...Бул эмне болгон билим?

-- Бул улуу, керемет билимди байыркы даанышман, көсөм бабаларыбыз 35-40 миң жыл бою таап, түптөп, улап, байытып, тереңдетип,жыйнап,муундан муунга мурастап сактап келген. Ушул билим кыргыз дөөлөтүн жаратып, ага пайдубал болгон.

-- Бул билимди кантип аныктап, таап өздөштүрсө болот? 

-- Бул билим тилибизде, тарыхыбызда, санжырабызда, макал-лакаптарыбызда, улуу-кенже эпосторубузда, каада-салтыбызда уюп, сакаталып келе жатат.

-- Эми даректүү сөз менен маегибизди улантсак...

-- Жалпылап айтсак, кыргыз салттуу билими жети билимден турат, Биринчи Билим - Аалам билими Улуу эпосто минтип айтылат: 

"Аалам жердин ортосун тосуп турат бир парда,

Ал парданы ким ачкан?!

Теңирге жаккан пенде ачкан!

Теңирдин жолун тааныган,

Аруу адам ал ачкан!

Жер көтөргөн жел деди,

Жердин өзү дөңгөлөк,

Жылып турат жөргөлөп.

Асмандагы жылдызды,

Адам болор неме эмес.

Ар бир жылдыз чоңдугу,

Күндөн, Жерден кем эмес!"

Үркөр топ жылдызы ар бир айда үч күн, Ай жаңырганда 3 күн толуп бөксөргөн үч күн аба ырайы бузулуп жагымсыз экенин бабаларыбыз илгертен эле билген экен. Тараза, Сумбула, Босого, Жетиген жылдыздардын абалына жараша жыл мезгилин алдын-ала билип, тиричилик жүргүзгөн. Муну менен байыркы бабаларыбыз 30 миң жыл илгери эле Аалам жылдыздары, Күн, ай, Чолпон, Жер табият адам бир бүтүндүктө болгонун билип, түшүнүп, ааламдык көз-карашта ой жүгүртүү менен Аалам билимин жараткан экен. 

Экинчи билим - жыл санак билими

Улуу эпосто минтип айтылат: 

"Ай, Күн жүрүү кезегин,

Асман жердин эсебин,

Алакан жайып так айткан".

Демек, бул билимдин негизинде кыргыз жыл мезгилдерин алдын-ала так билип, табияттын мыйзамдарына ылайык турмуш-тиричилик жүргүзгөн. 

Үчүнчү билим - Теңир билими

Манаста минтип айтылат: 

"Көкө Теңир көктө деп,

Колун жайып тиленип,

Көктөн тилек кылышкан.

"Элде болсо тең болсун, тең болбосо көпчүлүктүн сугу артып өтүп кетет", "Теңир теңдикти жалгайт" - дейт кыргыз. Бабаларыбыз илгери эле Жараткандын теңдөө мыйзамын терең билип түшүнгөн экен: 

Күн-Түн, алыс-жакын, ысык-суук, жеңил-оор, өмүр-өлүм, ачуу-таттуу, узун-кыска, ак-кара, Адал-Арам, жаш-кары, кыш-жай, ачык-жабык, жакшы-жаман, чыгыш-батыш, эркек-аял жана башкалар менен бул мыйзам туруктуулуктун, адилет, калыс, акыйкаттын негизи шарты деп кабыл алыптыр. "Эл байлыгы - Адилет, таянычы-калыстык, келечеги-акыйкат", "Адилет болбой эл жарыбайт" - деген макал муну ырастап турат.

Төртүнчү билим - Адам болуп, адамча жашоо же тарбия билими.

Улуу эпосто минтип айтылат: 

"Ак-Караны теңдешип,

Акты ыйык тутушкан.

Адал-Арам кезегин,

Адам-Айбан эсебин,

Акыл калчап билишкен.

Акыл-эсти баа тутуп,

Адамдык сапат жайылткан".

Кыргыз адамды беш түргө бөлүп тааныган: Макулук, Айбан, Пенде, Киши, Адам.

Тарбия билиминин максаты - Адам болуп, адамча жашоого үйрөтүп окутуу. Бала кезде көп укчубуз: "Тукумуң өскүр, качан адам болосуң?" - деген суроону. 

"Адамча жашабасаңар турмуш тозокко айланат", "Эки муун тарбия көрбөсө адам айбанга окшошуп калат" - деп бабаларыбыз тарбия ишине зор маани берген экен. 

Сөз адеби, жүрүм-турум адеби, тамак ичүү адеби мыйзам күчүнөн да өйдө болгон. 

Эл турмушу сый-урматка негизделген.(бүгүнкү күндөгүдөй байлыкка, бийликке, кызматка эмес). 30 жыл эгемен доорунда бул билимге көңүл бурулбай калгандын кесепетинен үй-бүлө зомбулугу, араздашуу, соттошуу ж.б терс көрүнүштөр күчөдү.

Бешинчи билим - Кесип билими

Манастан: 

"Уста, зергер, мергенчи, койчу, уйчу, жылкычы, эл турмушун эптеген, Жоочу, жаачы, найзакер, жекеге чыккан эрлер, шер эл сыймыгы болушкан". Кыргызга бийик адистештирилген кесиптин чеберчилиги таандык болгон. Тулпар Манасчы Келдибек боз үйдү сүрөттөп, бир күн түндүк, кереге, ууктарын айтып, экинчи күн чий, кийиз жабдууларын, үчүнчү күнү - ала кийиз, шырдак, аркан, жиптерин айтып бүтүрчү экен. Союз мезгилинде кесип билими толук жок болду. 

Алтынчы билим - Манас билими.

Бул билим кыргыздын тарыхий тажрыйбасын, рухий казна, улуу дөөлөтүн, бабалардын насаат, үлгү керээзин өзүнө камтып, сактаган. 

Жетинчи билим -  Дин билими

Улуу эпостон: 

"Ата тектен келаткан,

Алланын жолун үйрөнүп,

Алла, Кудай деп айткан.

Молдо, Кожо, Эшендер,

Жайчы, куучу, олуя,

Көкүрөк, көөдөн көзү ачык -

Устаты кыргыз болушкан".

Байыркы заманда, беш-алты миң жыл мурун, кыргыз ар бир жаңы айга жүгүнүп, "бул ай куттуу болсун", деп тилек кылган. Ай жаңырганда "Куттуу ай болсун", деп бири-бирине кайрылган. 

Жараткан бергенин кайра алат, жанды түбөлүк эч кимге бербейт деген ишеним менен аны Алла деп тааныган. Ызгаар сууктан сактап, тамак бышырган оттун жалыны асманга, Күнгө көтөрүлөт, деп Жан берген Жаратканга кайрылганда кыргыз кулачын жайып, эки колун асманга көтөрүп, тилегин айтып, аягында - "Оо, мен"- деп, элге оомийин болуп тарап, батыш элдерине "аминь" болуп жеткен. Ооздук салмайын ат ала качып кетет, кыргыздын "ооздо" деген сөзүнөн орустун "езда" деген сөзү пайда болгон. 

-- Кыргыз салттуу билими менен элибиздин бүгүнкү абалын кандай баалап, эмне деп калыс мүнөздөсө болот?

-- Салттуу билимдин күчү керемет касиети менен кыргыз түрк элдеринин падышалар тукуму, деп тарыхта калган тарыхий эстеликтер дүйнө археологдордун Меккасы, деп белгилүү болду, дүйнө жүзүнө теңдешсиз Манас дастаны жаралды. Манас бабабыздын аты Непал, Индия, Тибет, Алтай, Кавказ, Орто Азиянын даңктуу, даражалуу дарыя, көл, муз баскан зоолорго коюлду. Тоолор урап түз болуп, көлдөр соолуп, чөл болуп, аты калып, өзү жок, даалай элдер жок болсо да кыргыз жер үстүндө жетилип, көк астында көгөрүп, кемип, өксүсө жок болуп кетпей, XXI кылымдын босогосун аттап олтурат! 

Ал эми бул билимди унутуп, аны баалабай, чанып "тирүү жүргөн адамга мындай кордук салбасын, Ата Журттан айрылып, адам эмес, айбанда ар кайда тентип калбасын", деп илгери эле айткан кыргыз бүгүн чилдей тарап, бөлөк жер, бөтөн элге тентип, алардын короосун шыпырып, ажатканасын тазалап, малай болгонго шүгүр деп жүрөт...

Бабалар билимин баалабай, ынтымак-биримдикке келе албай, вахабист, салафист, баптист, мунист, либерал, коммунист, батышчыл, орусчул деп, 200 саясый партияга бөлүнүп, эл ырыскысын, жер байлыгын ууру, шылуун, шүмшүк, шумпай, колунан иш келбеген, бирок тили сайраган президенттерге, алардын тууган, достору, бала-чакаларына, ойношторуна, классташтарына отуз жыл бою жедирип келатабыз...

Улуу, даанышман, баатыр, көсөм бабаларыбыздын жолуна түшпөсөк, билимине таянбасак, үлгүсүнө кайрылбасак, акылыбызга келбесек, далай жыл дагы эле азаптан арылбай, жыла албай, артка кете беребиз. 

-- Бүгүнкү абалыбызга ылайык салттуу билимдин кайсынысына элибиз муктаж деп айтсак болот? 

-- Кыргыз сөөк талашпай, көр талашпай, Кудай талашпай, бөлүнбөй, ынтымак менен биримдикке келсе экен десек, бабалардын диний билимине таянса болот (ханафий масхабын терең түшүнүп);

- элди алдабай, эл казнасын уурдап, тонобой, калп айтпай, бийлик элге кызмат кылсын десек, миң жылдар бою өзүн актап, кыргызды сактап, күчтүү, кубаттуу кылып, ыйман, адеп жолунан адаштырбай аруулукка чакырып, адам болуп адамча жашоону баарынан бийик койгон тарбия билимин өмүргө өзөк, турмушка тутка кылуу зарыл болуп турат. 

Кыргыз орус, немис, француз, араб, кытай болуп жашай албайт. А түгүл бир тууган казак, өзбек болуп кете албайт. Анткени, Жараткан ар бир элге өзүнө гана таандык жашоо жолун буйруган. Кыргыз ата-бабалардан мурас, үлгү болуп калган өз жолуна түшкөндө гана өсүп, өнүгүп, бактылуу боло алат.

Бул жол аалам билиминде, теңир билиминде, Манас билиминде камтылган. 

Отуз жыл эгемен доорунда кыргызга батыш элдердин жолу таңууланды эле, бирок элибиз аны кабыл алган жок, кыргызга ал жукканда жок, жаккан да жок. Тескерисинче, бул жол кыйроого алып келди. Кыргыз салттуу билимине канча эрте кайрылса ошончо тез өнүгүү жолуна түшөбүз. 

-- Маегиңизге чоң рахмат! 

Гүлжан Шерипбаева, NazarNews.kg

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги, материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана берилет.

Последние новости