www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук илимдер академиясын кайра түзүү аракеттери жөнүндө кабарлар чыга баштады. Жаңы эле кабыл алынган Конституциянын 22-беренесинде өлкөдөгү илим Илимдер академиясы тарабынан координацияланат деп жазылганына карабай, бул иш Билим берүү жана илим министрлигине берилиш керек деп айтылууда. Академия болсо коомдук уюмга айланат имиш.

Конституциялык кеңешме Илимдер академиясынын залында өткөрүлүп, аттуу-баштуу академиктер бийликти мактап, президенттик башкарууга өтүүнү жактап отуруп, ушундай амал менен Академия тууралуу сөздөрдү атайылап Конституцияга киргизген жана эми Академияга эч ким тийе албайт деп ойлогон.

Батыш мамлекеттеринде илим мындан бир нече жүз жыл мурда университеттерде пайда болуп, өнүккөн. СССРдин курамына кирген Кыргызстанда болсо илим башынан тартып Илимдер академиясында топтолгон. Эгерде эми илим университеттерге өткөрүлсө, илимди башкаруу иштери дал ошол бир нече жүз жылга артка кетип, илим университеттерде да жок бойдон калып, Академияда да жоголуп кетиши мүмкүн.

Последние новости