www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Саламатсызбы Дастан агай, Сиз "Кыргызалтындан" илгери эле кеткесиз, бирок ушул күнгө чеийн "алтын уурдаган" деген сөз дарегиңизге айтылып жүрөт. "Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт" - деген сөз бар эмеспи?

-- Ырас, "Кыргызалтынды" 23 жыл мурун банк эсебинде 11 миллион доллары менен өткөрүп бергенмин. (Аны далилдеген акт бар) 1993-1998 жылдары, 5 жыл ичинде, "Кыргызалтын" төрт жолу текшерилген:

Т.Усубалиев жетектеген Жогорку Кеңеш түзгөн, депутатык комиссия (7 адам, беш ай), финансы министрлигинин көзөмөл-ревизия башкармалыгы тарабынан 8 ай (комплексная документальная ревизия), эсептөө палата тарабынан 2 ай жана ведомстволор аралык вице-премьер Силаев.Б.Н жетектеген өкмөттүк комиссия тарабынан 3 ай. 

Бул текшерүүлөрдү Акаевдин саясый оппозициясы талап кылып, уюштурушкан, менин ишмердүүлүгүмдү жана "Кыргызалтындын" ийгиликтерин көрө албаган, ичи тар, мени иштен четтетип, өз кишилерин "Кыргызалтындын" жетекчилигине коём, деген саясый топтун мындай тынбай ревизияларга кызыкдар болгон.

Кичине эле кемчилик табылса, аны чоң саясый чырга айлантууну көздөгөн эки-үч саясый топтун эки көзү төрт болуп турган, бирок "Кыргызалтында" таза иштеген үчүн менин дарегиме бир дагы сын-пикир айта алышкан эмес. 

-- “Кыргызалтындын” кайсы ийгиликтерин көрө алган эмес, саясый каршылыштар жана саясый душмандарыңыз... 

-- Мамлекеттин казынасынан бир сом албай, 19996-жылы Солтон-Сары алтын рудингин куруп, ишке киргизгендин бүгүн дагы ийгиликтүү иштеп жатат. Долбоор боюнча 1998-жылы ишин токтотуп, жабыла турган "Макмалалтын" комбинатын реконструкция кылып, иш мөөнөтүн 18 жылга, 2016-жылга узарттык. "Кыргызское взморье" саноторийин менчиктештрүү, талап-таноодон сактап калдык. "Кыргызалтын" 1993-98-жылдары мамлекеттик казынага 8 млрд сом салдык, Бажы жана башка төлөмдөрдү котордук. "Кыргызалтынды" жетектеп турган жылдары менин кол коюм менен 34 млрд акча которулуп, өткөн. Бирок алтын эмес, бир сом акчада уурдалган эмес.

-- "Кумтөрдө" коррупцияга аралашкан деп 2016-жылы Сизди камады эле, бул иш эмне менен бүттү?

-- Алтын уурдаган, коррупцияга аралашкан деген ушактарга ишенип алган алкаш президенттин буйругу менен үч ай мүлкүмдү казып, текшерип, иликтеп, табала албай, камап, 7 адис 9 саат үйүмдү тинтип, айып коё албай, коррупцияга шектүү деген айыпты кыскартышпадыбы?! Бул саясый куугунтук 2014-жылы эле башталган, "Кумтөрдү" текшерген комиссиянын төрагасы (кесиби физкультура мугалими) Т.Сариев эки күн Жогорку Кеңеште 1994-жылы "Кумтөр" келишимине Сарыгулов кол койгон, деп бүт кыргыз элин алдаган. Мени каралоо үчүн, Атамбаевдин тапшырмасын аткарып, Өкмөт башчы болгон. 1994-жылы "Кумтөр" келишимине 26 министр кол койгон жетекчилердин бирин дагы атын атайын айтпай койду. Мени саясый өлүк, эл душманы кылып, элди ишендирди. Жалган-жалаа менен кармап, “УКМКнын жер төлөсүнөн сөөгү чыксын” деген тапшрыманы аппарат жетекчиси Фарид Ниязов, Башкы прокурор Индира Жолдубаева, УКМК төрагасы Абдил Сегизбаев ырайымсыз, мыкаачылык менен аткарышты. 70 жылдык маарекеме бир жума калганда эч бир күнөөм жок экенин билип туруп камашты.

Кыргыздын ар бир макалы хадистен кем эмес. "Бирөөгө көр казсаң, кенен каз, өзүң дагы түшөсүң" деп бабалар таамай айтыптыр. Өткөн 20 жылда канча текшерген депутаттар, ревизорлор, тергөөчүлөр, прокурорлор, менин алтын уурдаганымды бири дагы далил менен ырастай албаганын жакшы билесиздер.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости