www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бир жарым миллион жаңы жумуш орун түзүп, мигранттарды мекенибизге кайтарып, жылына 10 миллиард доллар киреше табуу жолу.
Отуз жыл бою балдарыбызды окутуп, билим берип, нечен миллиард сом каражат бөлүп, бойго жетип, күчүнө толуп, элине кызмат кылаарда өлкөбүзгө керегиңер жок, Россия, Казахсатнга кете бергиле-деген саясат кыргыз элине кыянатчылык, мамлекеттин келечегине балта чабуу, улут алдында кылмышка тете.
Жеке менчик кубаттуу, толук көз карандысыз мамлекеттин экономикасын куруп бере албаганын тарыхтан жана дүйнөдө эң өнүккөн 20 мамлекеттин тажрыйбасынан көрүп олтурабыз.
Бул мамлеткеттер ички соода тармагына сырттан товар киргизбейт жана өз элин жумуш менен камсыз кылуу максатында сырттан келген мигранттарды катуу көзөмөлдөп, чектеп турат.
"Шоро" компаниясын Казахстан, Кытай киргизбей койгону буга далил. Алар сапаттуу сүт, өздөрүндө өспөгөн мөмө-жемишти гана алышат.
Мигранттарды өлкөбүзгө кайра алып келүү үчүн бир жарым миллион жаңы жумуш орун жеке менчик да, инвесторлор да түзүп бере албайт.
Демек, айтылган эки меселени мамлекет гана чече алат.
Ушул максатта, сегиз мамлекеттик концерн түзүү зарыл.
Биринчи. Булак сууларын тундуруп, идишке куюп, күнүнө 24 саат иштеген биринчи жылы 500, экинчи жылы 1000, үчүнчү жылы 2000, төртүнчү жылы 4000 линия куруп, жүз жыйырма миң жаңы жумуш орун ачып, жылына бир жарым, үч миллиард доллар пайда тапса болот.
Экинчи. Балыкчыдан Долинкага чейин, Баткен областында тамчылап сугарып кулпунай, абрикос, карагат, жүзүм, малина өстүрүп, беш жылда 600-800 миң гектарга жеткизип, 400 миң жаңы жумуш орун ачып, жылына 3-5 миллирад доллар пайда алса болот.
Үчүнчү. Иссык-Көл, Соң-Көл, баардык суу сактагычтарда ак балык өстүрүп, жарымын ыштап сатып, 150 миң жаңы жумуш орун ачып, жылына 2-2,5 миллиард доллар пайда тапса болот.
Бул тармакта: күзөтчүлөр, балык багып, кармап, ыштагандар, илимпоздор, логистика, маркетинг, реклама, транснпорт-баары биригип 200 миң жумуш орун камсыз кылса болот.
Төртүнчү. Кол өнөрчүлүк концерн жүн, тери, сөөк, таш, чий иштетип, сувенир чыгарып, кыш мезгилинде 150 миң, жайында 70-80 миң адамды жумуш менен камсыз кылса болот.
Бешинчи. Дары чөптөрдү чогултуп, кургатып, майда пакеттеп, сатуу концерни. Дары чөптөрдүн түрлөрүн, аянттарын изилдеп, илимий негизде чогултуп, аянттарын коргоп, кеңейтип, логистика, реклама, маркетинг менен 35-50 миң адамды жумуш менен камсыз кылса болот.
Алтынчы. Токой аянттарын жылына 300-500 миң гектарга көбөйтүп, 5-6 миллионго жеткизип, жыгач иштетүү концерни (эмерек, курулуш жана башка буюмдарды чыгаруу) 70 миңден - 150 миң адамды жумуш менен камсыз кылса болот.
Жетинчи. Табигый таза, премиум класстагы азык-түлүк өндүрүү, табигый жер семирткичтерди чыгаруу, химия заттардан (гербицид, пестицид ж.б.) толук баш тартуу.
Сегизинчи. Тышкы жана ички саякат концерни, саякаттын баардык түрлөрүн жөнгө салуу, инфраструктураны, логистика, реклама, маркетингин чечип, жылына өлкөгө эки миллиондон 6-8 миллионго чейин сырттан келген саякатчылардын санын жеткизүү.
Бул концерн жалпысынан үч жүз миң кишини жумуш менен камсыз кылса болот.
(Синцзянь-уйгур автоном районунун калкы 21 млн. адам. Жылына келип кеткен саякатчылардын саны 18 млн.)
Булак: NazarNews.kg