www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бабаларыбыздын тарбиясы күчтүү болгон! Мындай пикирин коомдук ишмер Дастан Сарыгулов билдирди.

- 70 жыл СССР убагында, 30 жыл эгемен доорунда беш-алты муун кыргыз эли байыркы тарыхынан ажырап, улуу дөөлөтүнөн кабарсыз калып, эне-тилинен, рухий өзөгүнөн алыстап, маңкуртчулукка жакындап, өзүн тааныбай калганы тарбияга зор залакасын тийгизкен экен да?

- "Тарыхын жок кылып, тилин өчүрсөң – эл өзү эле жоголот" деген саясат 3 – 4 миң жылдан бери жүрүп келатат. Бабаларыбыз бул саясаттын далайын көрүп, башынан кечирген экен...

"Өткөнүн билбеген – келечекке жол таппайт" – деп даанышман бабаларыбыз айткандай, өткөн отуз жыл бою жолубузду таппай, туш тарапка урунуп келатабыз.

Белек Солтоноев («Кыргыз тарыхы». Бишкек, 2003 ж. 448 бет) китебинде минтип жазат: "Кыргыз жоонун көптүгүнө карабастан согушкан. Жоо кайда дегенден башканы билбеген. Аркасынан жараланса качып баратып жараланыптыр деп баласы болсо да аны киши катарында көрбөгөн; эгерде жаракат бет алдынан болсо, беттешип жаралуу болуптур деп ыраазы болгон" - 17- бет;

"Анжиянга кыргыз киргенде шаарга, кыштакка тентип кирип кеткен. Ачарчылык болуп… жакшы катындар балдарын өзүбекке сатып, эгерде албаса Сырдайрага ыргытып жиберип, эрине эмчегин эмизип багып кеткен – аман болуп калмактан Ата-Мекенди куткарсын – деп", - 135-бет.

Бабаларыбыздын тарбиясы кандай күчтүү болгон!

Тарбия ишине чоң тоскоолдук жаратып, кесепетин тийгизген ата-эненин балага ашкере сүйүүсү жана аёосу болуп келген. Мындай балдар эрке, бош, борпоң, кайратсыз болуп калат экен көп учурда", - деди Сарыгулов.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости