www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз тарбиясы бабаларыбыздын даанышмандыгына сугарылып, акылмандыгына жуурулуп, көсөмдүгүн жана олуялыгын өзүнө камтыган экен! Мындай пикирин коомдук ишмер Дастан Сарыгулов билдирди.

- Кыргыз тарбиясынын касиетин бүгүн да энелер “эл адамы бол, элиңдин алкышын ал” - деп тилек кылып, батасын бергенден байкасак болот. Кыргыздын бул наркын эгемен доору да жок кыла албай келаткансыйт...

- "Турмуш агымына жараша кийинки 40 – 50 жыл көп үй-бүлө бир же эки бала менен чектелип калбадыбы... Мындай учурда бала өзүмчүл (эгоист) болуп, ата-эне алдында милдетин да, жоопкерчилигин да билбей, ал жөнүндө түшүнүгү да жок болуп, такай талап коюп (35 – 40 жашка келсе да муну бер, тигини кыл, бер эле, бер…) деп жашагандар аз эмес.

Алибетте, бул ата-эне үчүн да, эл-журт үчүн да, өлкө-мамлекет үчүн да чоң өксүк, орду толгус жоготуу…

Кыргыз тарбиясы адамга тарых алдында, жашаган учур алдында жана келечек алдында милдетин да, жоопкерчилигин да терең түшүндүрүп, турмуш талабын катуу койгону менен бийик экен!

Арбактарды эскерүү- өткөндөр алдында милдет, элге кызмат кылып, батасын алуу – учур алдында милдет, келечекти ойлоп, ага кам көрүү – келечек алдында жоопкерчиликти билүү турбайбы!

Улуу тарбиядан гана улуу эл жараларына ынанып олтурабыз!

Кыргыз тарбиясы бабаларыбыздын даанышмандыгына сугарылып, акылмандыгына жуурулуп, көсөмдүгүн жана олуялыгын өзүнө камтыган экен!", - деди Сарыгулов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости