www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаты Дастан Жумабеков Ысык-Көл облусундагы айрым райондун малчылары жайлаган жайлоолордо калың кар түшүп, мал-жандыктарга тоют жок болуп жатканын айтты. Ошондой эле, Жумабеков Министрлер кабинетин кечиктирилгис чара көрүүгө чакырды.

“Малчылар элдин малын чогултуп, жайлоого алып чыккан. Жолдор жабылып, жем-чөбү жок мал кырыла баштады дейт. Тик учактар деле бар. Аларга тоют жеткирбесек, абалы оор болуп турат”, - деди Жумабеков.

Эске салсак, 1-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Ысык-Көл облусундагы Тосор ашуусунда эки чабан 30 баш бодо малы, 80 баш жылкысы менен өтө албай калганын билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, май айында нөшөрлөгөн жаандан кийин Сырт өрөөнүнө калың кар жаап, ашуудан өтүү кыйындаган. ӨКМ жеринен барып тактоо жана жардам берүү үчүн ашууга беш куткаруучу адис жөнөп кеткенин маалымдаган.

Бүгүн, 2-июнда өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов Ысык-Көл облусунда ыкчам штабдын жыйынын өткөрүп, кошумчу техникалар дагы тартыла турганын маалымдады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости