www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун башкаруусундагы кемчилиги катары анын коомчулукта айтылган кайрылууларга көңүл бурбай койгондугу болгон. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин экс-спикери, депутат Дастан Жумабеков жергеликтүү маалымат булактардын бирине берген маегинде айтты. 

--“Адам баласы болгондон кийин кемчилиги болот. Бирок, мамлекетке кыянатчылык кылган жок. Балким коомчулукта айтылган кээ бир кайрылууларга көңүл бурбай койгону - кемчилиги болушу мүмкүн”, - деди Жумабеков.

Жумабеков маегинде 2020-жылы 6-октябрь окуяларында Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев менен сүйлөшүп, өлкө тынчтыгы үчүн кызматын өткөрүп бергенин айтты. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон элдик толкундоодон кийин өз эрки менен кызматтан кеткен.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости