www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 8-ноябрда Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары Талас облусундагы иш-сапардын алкагында улуу жазуучу Чыӊгыз Айтматовдун эстелигине гүлчамбар коюшту.

Иш-чарага Өкмөт өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик жетекчилери, маданий жана коомдук ишмерлер, жазуучунун үй-бүлөсү менен өлкөнүн бардык аймактарынан келген меймандар катышты. Андан соӊ иш-чаранын катышуучулары төкмө акындардын республикалык айтышына күбө болушту.

Алсак, Чыӊгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналып өткөрүлгөн айтышта он алты акын таймашууда.

Эске салсак, бүгүн Талас шаарында алп калемгер Чыӊгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган маарекелик иш-чаралар өтүүдө. Мындан мурун ушундай эле салтанат Ош шаарында да уюштурулган. Ал эми негизги жыйынтыктоочу иш-чара Бишкек шаарында болот. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости