www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фергана облусунун Язъяван районунун башчысы Юлчибай Боййигитов 6-ноябрдагы жыйын маалында жергиликтүү дыйкан Курбонали Жураевди сабап, район прокуроруна ага каршы кылмыш ишин козгоо тапшырмасын берди. Бул тууралуу аталган жыйынга катышкан башка дыйкандар билдиришти.

Алардын айтымдарында, Курбонали Жураев пахта тапшырбагандыгы үчүн сабалган. "Район башчысы дыйканга арыз жазып, жерин өткөрүп бериши керектигин айтты. Ал планды аткара тургандыгын, жерди бербестигин билдирди. Ортодо уруш чыгып, район башчысы прокурор жана милиция жетекчисинин көзүнчө дыйканды сабады. Андан соң Курбонали Жураев кармалып, эртеси эртең мененкиге чейин милиция бөлүмүндө кармалып турду», — деди дыйкандардын бирөөсү.

Ал 6-ноябрдагы жыйындан кийин район башчысы милиция жетекчисине пахта нормасын аткарбаган отуздан ашык дыйканды камакка алуу буйругун бергенин кошумчалады.

– Отуздан ашык дыйканды райондук милиция бөлүмүнө алып барышып, түнкү саат үч жарымга чейин кармашты. Алардын арасында мен да бар болчумун. Ал жактан биздин тизмебизди түзүп, андан соң кое беришти», — деди ал.

Бирок Язъван райондук ички иштер башкармалыгынан дыйкандар кармалгандыгы тууралуу маалыматты четке кагышты.

Булак: "centralasian"

Последние новости