www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнөлүк экономикалык форум өтүп жаткан Давосто Франция президенти Эммануэль Макрондун имарат ичинде күндөн коргоочу көз айнек тагынып сүйлөгөнү коомчулуктун көңүлүн бурду. Социалдык тармактарда анын сөздөрүнүн мазмунунан көрө, дал ушул көз айнеги кеңири талкууланып, ар кандай божомолдор жаралды.
Макрондун администрациясы бул көрүнүштү жөнөкөй медициналык себеп менен түшүндүрдү. Маалыматка караганда, президент көзүндөгү убактылуу жаракаттан улам жарыктан коргонуу үчүн көз айнек тагынууга аргасыз болгон. Бул расмий түшүндүрмө эл аралык медиада да кеңири жарыяланды.
Бирок социалдык тармактарда бул жагдайды “жашыруун коомдор”, “дүйнө лидерлерине орнотулган чиптер” тууралуу конспирологиялык теориялар менен байланыштыргандар да чыкты. Айрым интернет колдонуучулар президенттер көз аркылуу башкарылат же атайын технологиялар киргизилет деген далилсиз божомолдорду жайылтышууда.
Эксперттер мындай маалыматтарды сын көз караш менен кабыл алуу зарылдыгын белгилешет. Алардын айтымында, бул өңдүү конспирологиялар көп учурда фактыларга эмес, эмоцияга жана интернеттеги ушак-айыңдарга негизделет. Расмий булактар жана ишенимдүү маалымат каражаттары Макрондун көз айнегин эч кандай жашыруун технологиялар же атайын аракеттер менен байланыштырган жок.
Ошентип, Давостогу көрүнүш коомчулукта кызыгуу жаратса да, анын артында турган себеп — президенттин ден соолугуна байланыштуу убактылуу жагдай экени расмий түрдө тастыкталды. Ал эми “чип”, “жашыруун коом” тууралуу сөздөр далилденбеген конспирологиялык версиялар бойдон калууда.
Мүмкүн Макрондун көзүнө тирсек чыкканбы?