www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун бешинчи кызы Парвина өлкөдөгү ири фармацевтикалык компаниялардын бирине ээлик кылат. Ал административдик ресурстун жана мамлекеттик келишимдердин аркасы менен ийгиликке жетүүдө. Бул тууралуу “Азаттык” радиосунун тажик кызматынын иликтөөсүндө айтылат.

Рахмондун жети кызы бар. Парвинаны коомчулук дээрлик тааныбайт. Ал президенттин үй-бүлөлүк сүрөттөрүндө дээрлик көрүнбөйт. Ал тургай анын туулган жылы да белгисиз. Бирок анын бизнеси мамлекеттик телеканалда чагылдырылып турат.

2017-жылы негизделген Sifat Pharma мамлекет менен ири келишимдерди түзгөн. Душанбе шаарында 16 дарыканага ээлик кылат. COVID-19 коронавирустук пандемиясы учурунда компания өкмөткө өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттарды жана медикаменттерди сатып алууда ортомчулук кылган.

Иликтөөгө караганда, Sifat Pharma негизделгенден тарта 2023-жылдын сентябрына чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги менен башка мамлекеттик медициналык мекемелерди дары-дармек менен камсыздоо үчүн 5,5 миллион долларлык мамлекеттик келишимдерди алган. Ага энчилеш дагы эки компания 326 миң доллардан ашык суммага мамлекеттик тендерлерди утуп алган.

Эмомали Рахмондун экинчи кызы Озода анын администрациясын жетектейт. Үчүнчүсү кызы Тахмина ички рынокто авиа билеттерди сатуу укугуна ээ болгон жалгыз компаниянын тең төрайымы. Рахмондун дагы бир кызы Рухшона Тажикстандын Улуу Британиядагы элчиси. Алтынчы кызы Зарина Тажикстандагы эң ири коммерциялык банктарынын бири болгон “Ориенбанктын” жетекчисинин орун басары.

Рахмондун тун уулу Рустами Душанбе шаарынын мэри жана тажик парламентинин жогорку палатасынын төрагасы. Атасы отставкага кетип же каза болгон учурда, ал мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу болуп калат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости