www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бийлик Балыкчы шаарын таптакыр унутуп калды, деп билдирди 26-ноябрда элдик курултайдын делегаты Зарылкан Кыдырмышева.
Ал белгилегендей, республикада кадр саясатын оңдоо керек. «Министрлердин дарегине көп арыздар түшүп жатат, анткени жер-жерлерде жумушуна кайдыгер мамиле жасаган адамдар иштейт. Айыл өкмөттүн, райондун, мэриянын деңгээлиндеги маселелерди ушул жерде сүйлөшүп, президентке кат жолдоп жатабыз», - деди ал.
Делегат шаарды башкаруу мамлекеттин көзөмөлүнөн чыгып кеткенин билдирди. «Баары мэрлер, депутаттар аркылуу чечилди. Балыкчы шаарынын 5 мэрин кубалагам, акыркы мэрибиз Алмаз Мамбетов азыр Ошто иштеп жатат. Аны мен да ушул жерден көрүп турам, тойлордон калбайт. Биздин кадр алмашпайт, мэр гана алмашат. Канчалык «таза» мэр болбосун, аны да коррупцияга үйрөтүшөт. Алар прокуратура, укук коргоо органдары менен биргеликте иш алып барышат Аларга эч ким эч нерсе айта албайт», - деп кошумчалады ал.
Булак: NazarNews.kg