www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун Ноокат районундагы медреседе 14 жашар бала каза болгон.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы аталган окуя боюнча комиссия түзүлүп, териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирди.

«Өзгөн районунан келген бала медреседе окуган эмес. Аны ата-энеси дем салдырууга 3 күнгө суранып, таштап кеткен экен. Жаракатты да бычактан эмес, кайчыдан алган. Мындай абал эмнеден улам пайда болгонун көргөн эч ким жок.

Ошондуктан териштирүү иштери аяктаганга чейин түрдүү пикирлерди жаратпоого чакырабыз»,- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Ноокат районунун Мирмахмудов айыл аймагындагы медреседе Гулистан айылынын тургуну 16 жаштагы М.М. өз ара пикир келишпестиктен улам, Өзгөн районунун Куршаб айылынын Ш.Ф. аттуу 14 жаштагы тургунун учтуу нерсе менен сайып жиберген. Натыйжада, Ш.Ф. алган жараатынан улам, аймактык ооруканага жетпей каза болгон. Бул тууралуу Ош ОИИБи билдирди.

Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган. Маркумдун жансыз денесине соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Последние новости