www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынан депутат болгон Айгүл Айдарова деген бар. Деңгээлине коомчулук таң калып бүтө элек. Кайдан жайдан Мадумаров ушундай мурдунун учунан алысты көрбөгөн немени партиясына кошуп, депутат кылганын түшүнбөгөндөр көп. 

Мына Башкы прокурор Курманкул Зулушев Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берүүгө Айгүл Айдарова сыяктуу өзүнүн депутаттары макулдук беришти. 

Деги эле,  "ден-соолугуңуз жакшыбы десе аттай го" деген Айдарова ичкен кудугуна түкүрбөй, эң кур дегенде лидери Мадумаровдун башына оор кырдаал жаралган кезде "балким жер титиреп түшүп кетиши мүмкүн" дебестен колдой турчу милдети эле.

Эгер Мадумаров болбогондо кайдан депутат болот эле? Чалчаңдап өйдүк-сөйдүк, ойду-тоону сүйлөп Жогорку Кеңеште отурбайт эле го. Ошону түшүнүш үчүн тооктун мээсиндей эле мээ жетмек...

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости