www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Денедеги кызыл меңдер кандай көйгөйдү билдириши мүмкүн?

Дерматологдор денедеги кызыл меңдер боордогу көйгөйлөрдү билдириши мүмкүн экенин айтышат. 

Адистердин айтымында, адамдар көбүнчө аларды башка кызыл тактар менен чаташтырышат, бул кан тамыр ооруларына, ошондой эле аллергиялык көрүнүштөргө байланыштуу болушу мүмкүн. Биз кеп кыла турган кызыл мең териден бир аз көтөрүлүп, колго илешип турат.

--"Көңүл бурушубуз керек болгон эң биринчи себеп, албетте, боордо көйгөйлөрдүн пайда болушу.  Эгерде бооруңузда оорунун белгилери башталса, териде жогоруда айткандай кызыл меңдер пайда боло баштаса токтоосуз дарыгерге кайрылыш керек", - дешет дарыгерлер.

Дерматологдор бул көйгөй вирустук инфекциялардан да келип чыгышы мүмкүн экендигин айтты.

"Үчүнчү жагдай, антидепрессанттар, гормоналдык дары сыяктуу дары-дармектерди ичүү себеп болот. Эгерде буга тышкы жүк кошулса, анда боордун иштөөсү начарлайт", - деп эсептейт дерматолог.

Ошондой эле, врач менен кеңешкенден кийин кызыл меңдерди кетирүү үчүн лазердик хирургияга кайрылууга кеңеш беришет адистер.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости