www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Садыр Жапаров деле мурункулардан эч айырмасы жок, «түндүк-түштүк балансты кармадым» дегенчелик кылып, премьер-министрге «чимкирик» депутаттардын колу менен тажрыйбасы аз, өлкөдө кадыр-баркы жок, көбүнчө ууру-кески Аскарбек Шадиевдин мектебинен тарбия-таалим алган Улукбек Мариповду шайлатып отурат.
Арийне, айла жок, ажобузга «Улукбек Мариповдон көрө тигини же муну алып келсе жакшы болмок...» деп, эрдибизди кесе тиштеп кала бердик. А чынында ажобуз жаңы барактан ишин баштап жаткандан кийин, «регионалдык» деген түшүнүктөн алыс болуп, жердигине карабай, билимдүү, тажрыйбалуу, кесипкөй адистерди тандап, реформасын баштаса дурус болот эле.
Улукбек Марипов өкмөттү жетектеп, чоң реформа жасап жиберерине эл ишенбей туру. Ага караганда, экономика жаатында тажрыйбасы мол, билимдүү кесипкөй адистердин бири Темирбек Асанбековду алып келсе бап жарашмак, бул жигитти эл да колдоп турат. Буга удаа Таалатбек Масадыков же Элдар Абакиров дагы жаңыча ой жүгүрткөн, өкмөттү алга сүрөп, экономикалык реформа жасап, кризистен чыгарып кете турган мыкты кадрлар эле...
Булак: Азия News гезити