www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында ата-энеси жазалады деген беш жашар бала үй-бүлө жана балдарды реабилитациялоо борборуна убактылуу жайгаштырылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлады.

Мекеменин билдиришинче, баланын апасы уулу жолдогу машиналарга, кошуналардын терезесине таш ыргытканы үчүн урушканын айткан, бирок такай сабап, кол көтөргөнү, зомбулук көрсөткөнү тууралуу сөздөрдү жокко чыгарган. Ал учурда экинчи күйөөсү менен жашаары, жети айлык кош бойлуу экени белгилүү болгон.

Ош шаардык милициясы бул окуя териштирилип жатканын, үй-бүлөнүн тек-жайы аныкталганын билдирген.

Анын алдында социалдык тармактарда денесинин айрым жерлери көгөргөн, жара болгон, аны атасы менен апасы урганын айткан жашы жете элек баланын видеосу жарыяланган.

Последние новости