www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен районунун Бужум айылында киши колдуу болгон адамды өлтүрүүгө шектелгендер - анын жубайынын бир туугандары. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы ишенимдүү маалымат булагы билдирет. Белгилей кетсек, буга чейин Баткенде изделип келген 33 жаштагы кишинин денеси өз үйүнүн ажатканасынан табылганы маалымдалган.

Маркумдун эжеси милицияга кайрылып, иниси 17-октябрь күнү кечки саат 22:30дар чамасында үйүнөн чыккан боюнча дайынсыз болуп кеткенин айткан. Кийинчерээк анын денеси өз үйүнүн ажатканасынан табылып, куткаруучулар аны ИИМге өткөрүп берген. Милиция кылмышка шектүү деген Бужум айылынын 31 жаштагы тургуну менен анын инисин кармаган.

Тартип коргоо органдарындагы ишенимдүү адам берген алдын ала маалыматтар боюнча, эркек менен жубайынын ортосунда чыр чыккан. "Кылмышка шектелип кармалган эки киши маркумдун жубайынын бир туугандары. Алар эжесинин жолдошун өлтүргөн деп шектелип жатат. Кармалгандар маркумдун денесин бир нече бөлүккө бөлүп салган. Дене бөлүктөрү ар кайсы жерден, бир бөлүгү дааратканадан табылган", — деди ишенимдүү булак.

Бул боюнча Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту ("Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү") боюнча кылмыш иши козголуп, колго түшүрүлгөндөр убактылуу кармоочу жайга киргизилгени айтылды. Тийиштүү экспертиза да дайындалды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости