www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Денис Петрашов Кыргызстандыктарга кайрылды

Кыргызстандын атынан үчүнчү ирет Олимпиадага катышканыма сыймыктанам, - деп билдирди суучул Денис Петрашов.

Спортчу социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылып, кыргызстандыктардын колдоосу болбогондо мындай ийгиликтерге жетмек эместигин айтты.

30-июлда кыргызстандык спортчу 200 метрди брасс ыкмасы менен сүзүү мелдешине катышты. 25 суучулдун ичинен ал 16-орунду ээлеп, жарым финалга жолдомо алды. Жарым финалда болсо, 14-орунга жайгашты.

Муну менен Денис Петрашов Кыргызстандын тарыхында Олимпиада оюндарында жарым финалга чыга алган биринчи суучул болуп калды.

Эске салсак, 1996-жылы Сергей Ашихмин, Андрей Квасов, Дмитрий Лапин жана Виталий Васильевден турган Кыргызстандын курама командасы 200 метрди эркин стилде сүзүүдө 17 команданын ичинен 17-орунду ээлеген. Ал эми 100 метрлик жарышта 19 команданын арасынан 18-орунга жайгашкан.

24 жаштагы суучул, төрт жолку Азия чемпиону Денис Петрашов 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиадага катышып, өз командасынын тарыхындагы эң жаш олимпиадачы болуп калган. 2016-жылдын ноябрь айында сууда сүзүү боюнча Азия чемпионатында ушул эле дисциплинанын финалдык бөлүгүнө чейин жетип, 6-орунду ээлеген. Токиодогу Олимпиадада Денис Петрашов 200 метрди брасс ыкмасы менен сүзүүдө 18-орунду ээлеген болчу. Спортчу бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. Петрашов сууда сүзүүнүн брасс ыкмасы боюнча 50, 100 жана 200 метр аралыкта бир канча ирет Кыргызстандын рекордун жаңырткан.

Спорттогу жетишкендиктери:

Ислам шериктештик оюндарынын алтын медалынын ээси, брасс ыкмасы менен 100 метрге сүзүү (Конья, 2021)

Ислам шериктештик оюндарынын коло медалынын ээси, брасс ыкмасы менен 50 метрге сүзүү (Конья, 2021);

Ислам шериктештик оюндарынын коло медалынын ээси, брасс ыкмасы менен 200 метрге сүзүү (Конья, 2021);

Маккабиада оюндарынын алтын медалынын ээси, брасс ыкмасы менен 100 метрге сүзүү (Израиль, 2022);

Маккабиада оюндарынын алтын медалынын ээси, брасс ыкмасы менен 200 метрге сүзүү (Израиль, 2022);

Азия чемпионатынын алтын медалынын ээси, брасс ыкмасы менен 100 метр (Ташкент, 2017);

Азия чемпионатынын алтын медалынын ээси, брасс ыкмасы менен 200 метр (Индия, 2019);

Азия чемпионатынын алтын медалынын ээси, брасс ыкмасы менен 200 метр (Филиппин, 2024);

Азия чемпионатынын алтын медалынын ээси, брасс ыкмасы менен 50 метр (Филиппин, 2024);

Мамлекеттик сыйлыктары:

Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов “Даңк” медалы менен сыйланган (2021).

Последние новости