www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Париж-2024: Денис Петрашов 23-орунду ээледи

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыргызстандык спортчу Денис Петрашов 27-июлда 100 метр аралыкка сууда сүзүү боюнча мелдешке катышып, бирок жарым финалга чыга алган жок.

Мелдешке жалпысынан 36 спортчу катышып, алар алдын ала этапта 5 топко бөлүнгөн.

Петрашов бешинчи жарышта өз күчүн сынап, 1 мүнөт 0,42 секунд көрсөткүч менен 8-орунду ээледи.

Жыйынтыгында, ал 36 спортчунун арасынан 23-орунду ээлегени менен жарым финалга чыга алган жок.

Белгилей кетүүчү нерсе, 30-июлда Петрашов 200 метрге брасс стилинде сүзүү боюнча мелдешке чыгат.

Последние новости