www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депрессия: балдар жана өспүрүмдөр

Бойго жетүү –жаңы мүмкүнчүлүктөргө жана кыйынчылыктарга толгон мезгил: окуу жылынын башталышы, мектепти алмаштыруу, жаңы достор, жыныстык жактан өөрчүү, экзамендерге даярдануу ж.б. Кээ бир балдар мындай өткөөл учурун жеңил өткөзүшөт. Башкаларда болсо адаптация оор болуп, стресс жана депрессияга алып келет. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы жазып чыкты.

Эмнени билүү зарыл

  • Депрессия – бул оору, дайым үмүтсүз акыбалда болуп, адатта кубаныч тартуулаган иштерге кызыгуусун жоготуу жана эң аз дегенде эки жумага чейин кундөгү кылуучу иштерине да жөндөмүн жоготуу менен мүнөздөлөт.
  • Бала кездеги депрессиянын дагы бир белгилерине түнттүүлүк, кыжырлануу, тез-тез ыйлоо, мектептен көңүл койуусун жоготуу, тамака табитин жоготуу же уйкусунун бузулуусу (көп уктоо же уйкусуздук) кирет.
  • Наристе курактагы балдар оюндарга кызуугусун жоготушу мүмкүн. Андан улуурак курактагы балдар адаттагыдан тобокелге баруу коркунучу жогоруу болот.

Кандай чара көрсөңүз болот

  • Депрессияны дарылоого жана алдын алууга болот
  • Балаңыз менен мектепте, мектептен тышкары, үйдө эмне болуп жатканын талкуулаңыз. Балаңыздын тынчын эмне алып жатканын аныктоого аракет кылыңыз.
  • Сиздин балаңызды билген жана сиз ишенген адам менен суйлөшүңүз.
  • Өзүңөрдүн дарыгериңерден кеңеш сураңыз.
  • Балаңызды ашыкча стресстен, жаман мамиледен, зордук-зомбулуктан коргоңуз.
  • Балаңыздын жашоосунда өзгөрүүлөр болгон учурда, мисалы, мектепти алмаштырган же жыныстык жактан өөрчүү мезгилинде ага өзгөчө көңүл буруңуздар. 
  • Балаңыз жетишээрлик уктап, толук кандуу тамактануусуна, сергек жашоо мүнөзүн активдүү алып жүрүүсүнө жана өзүнө жаккан нерселери менен алек болуусуна кам көрүнүз.
  • Балаңыз менен убакыт өткөрүүгө мүмкүнчүлүк табыңыз.
  • Эгер балаңызда өзүнө зыян алып келүү ой пайда болсо же өзүнө кандайдыр бир зыян алып келген болсо, атайын адиске кайрылыңыз.

Эсиңизде болсун:  эгерде балаңыз депрессия болуп жатканын байкасаңыз, аны менен эмнеге кыжаалат экенин жана эмне тынчын алып жатканын сүйлөшүп, зарыл болсо, адистердин жардамына кайрылыңыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости