www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жарандык активист Бишкек шаарынын тургундарын шаршемби күнү автоунааларын үйгө таштап чыгууга чакырат. Бул тууралуу Константин Конкин facebook баракчасына жазды.

Ал шаршемби күнү борбор калаада «Унаасыз күн» жарыялап, жалаң гана коомдук транспортту колдонууну сунуштаган.

«Шаар чоң эмес, жете турган жерге 30 мүнөттө жетсек болот. Анүстүнө коомдук транспортту да колдонуп баштайбыз. Экологияга кандай таасир тийгизерин көрөбүз», — дейт ал.

Эскерте кетсек, жылуулук системасы бериле баштагандан тартып эле Бишкекти кара түтүн каптаган. Буга байланыштуу  экологдор коңгуроо кагууда. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости