www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде уюштурулган феминнале боюнча түшүндүрмө берди.

Министрликтин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, иш-чаранын уюштуруучулары музейдин имаратын ижарага алышканы, алар аялдардын экономикалык эркиндиги боюнча темага коомчулуктун көңүлүн бурууну максат кылышканы айтылат.

Маалыматка ылайык, экспозиция толугу менен уюштуруучулардын (ижарага алуучулардын) ойлогон оюна ылайык түзүлгөн жана ал коомчулук арасында талаш-талкуунун пайда болуусуна шарт түздү.

«Маданият, маалымат жана туризм министрлиги искусство үйүндө жылаңач денесин көрсөткөн кыздардын болушуна каршылыгын билдирет жана заманбап искусствонун мындай чагымчыл чакырыктарын колдобойт», деп айтылат маалыматта. Бул тууралуу Азаттык жазып чыкты. 

Ал эми жарандык активисттер бүгүн, 2-декабрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдына нааразылык акцияга чыкты. Учурда социалдык тармактарда музейдеги жылаңачтанган кыз, илинген турсий тууралуу чуулуу талкуу жүрүүдө. 

Булак: Азаттык

Последние новости