www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 8-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев "Улуу көчмөндөр мурасы" холдингинин тагдыры боюнча маселе көтөрдү.
"3,5 миллиард бөлүнүп, "Улуу көчмөндөр мурасы" түзүлгөн. Ал эми учурда анын чыгымы 700 миллионду түзүп, жоюлушуна эле 200 миллион каражат керек деп жатышат. Бир киши үчүн ушндай ишканалар түзүлүп, миллиондогон чыгымдарды коротсо боло береби? Америкадан, Европадан кыргыздын мыкты менеджерлери келген. Алар эми көңүлдөрү калып, баары кетишти. Аталган холдингдин чыгымына ким жооп берет?", - деди депутат Акаев.
"Жооп берчү адам отурбайбы (ред. Теңгиз Бөлтүрүк). Күнөөлүү болсо, сот күнөөсүн далилдейт, күнөөсү далилденбесе акталат", - деди министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров.
Акаев ошондой эле холдинг өзгөчө масштабда түзүлгөнүн, ал үчүн Италиядан эмерек заказ кылынганын, ошондой эле театр түзүү жана артисттерди каржылоо жөнүндө да сөз болгонун кошумчалады.
Жапаровдун айтымында, бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат, бирок министрлер кабинети театрдын долбоорун бекиткен эмес.
Булак: NazarNews.kg