www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Абиров №47 түрмөнүн ордуна парк курууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров Бишкек шаарында жакында алынган №47 түрмөнүн ордуна парк куруу сунушу менен чыкты. Бул тууралуу ал бүгүн, 27-октябрда парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айиымында, шаар четине жылдырылган мурдагы абактын 8 гектар жерине көп кабаттуу үйлөрдүн ордуна жашыл парк куруу Бишкек үчүн жакшы болот.

"Мага мэриядан келген жоопко караганда мурунку түрмөнүн ордуна көп кабаттуу үйлөр, бир мектеп, бир бала бакчасы менен курулат экен. Мен мурда да сунуштап келгендей, 8 гектар аябагандай чоң аймак. Бул жерге парк куруп, Түштүк Магистралдан түрмөгө чейин түз түшкөн Чортеков көчөсүнүн жээгин бакка айландырсак, Эркиндик гүлбагынан калышпаган бульвар болот. Шаар тумчугуп баратат, бош жер калбай, жалаң көп кабаттуу үй курулуп кетти, ошондуктан, бул жерге парк курулсун", - деди эл өкүлү.

№47 колония - ЖАКтын борбордук стационардык медициналык мекемеси болгон. Бул абак 1943-жылы курулган. Ошондон бери инфратүзүм, энергетикалык чарбалар жана инженердик тутуму капиталдык ремонттон өтпөгөнү айтылып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости