www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айтылуу Бекмамат Осмонов убагында Алайда, Ошто, Токтогулда, Жалал-Абдда ж.б. аймактарда жетекчилик кызматтарды аркалап жүрүп, эл арасында чоң кадыр-баркка ээ болгон. Бир кездерде Акаев гана анын ишмердүүлүгүнө бут тосуп койбосо, болочокто өлкө башчысы болмок. Анын карындашы (бир тууганынын кызы) Айнура Осмонова. Жогорку Кеңештин депутаты.

Бул айым дагы агасын тартканбы, айтор кийинки учурда эл оозунан түшпөй калды. Парламенттин жалпы жыйынында, комитет, фракция чогулуштарында дагы көйгөйлүү маселелерди кабыргасынан коюп жүргөндүгүн биз дагы, журналисттер коомчулугу байкап жүрөбүз. Анан калса, шайлоочулары менен дагы кол үзбөйт. Мына жакында дагы Жалал-Абад шаарындагы Көк-Арт кичи районуна барып, жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуу өткөрдү. Көтөрүлгөн маселелер бардыгы орундуу болду. Алар, пенсия, аба кирдеп, экологиянын бузулуусу, спорттук залдардын, бейтап, оорукана, бала-бакчалардын зарылдыгы ж.б. социалдык маселелер.

Ушул калыбынан жазбаса эле,  Жогорку Кеңештин кийинки чакырылышынан дагы көрүп калабызбы...

Булак: NazarNews.kg  

Последние новости