www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айсаракан Абдибаева тарабынан айтылган “Кыргызстан – мусулман өлкө” деген билдирүү коомчулукта кызуу талкууланып жатат. Айрым жарандар жана эксперттер бул сөздү өлкөнүн конституциялык негиздерине каршы келет деп баалашууда.
Анткени Кыргызстан мыйзам боюнча светтик мамлекет болуп саналат. Өлкөнүн Конституциясында дин мамлекеттен бөлүнгөнү так көрсөтүлүп, ар бир жаранга өз динин эркин тандоо укугу кепилденген. Ушул өңүттөн алганда, бир динди жалпы коомго таандык катары көрсөтүү туура эмес.
Депутаттар эл өкүлү катары бардык жарандардын укугун жана көз карашын эске алышы керек. Кыргызстан көп улуттуу жана көп конфессиялуу өлкө болгондуктан, мамлекеттик деңгээлде динге артыкчылык берүү коомдогу тең салмактуулукка терс таасир этүү коркунучун жаратат.
Парламент трибунасынан айтылган мындай билдирүүлөр мыйзам чыгаруу процессине да таасир этиши мүмкүн. Себеби, дин мамлекеттик саясатка аралашса, бул демократиялык принциптерге доо кетирет.
Андыктан, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгү жана светтик башкаруу принциптери сакталууга тийиш. Конституциянын нормаларын бардыгы бирдей урматтоосу зарыл.
Демек, мамлекеттик түзүлүштү түшүбөгөн Айсаракан Абдибаевага ошогон депутаттар Коституциялык нормарларга, жалпы жарандардын укуктук өз ара мамилелеринин бузулушуна өбөлгө жаратат. Оозум бар деп эле сүйлөй бербестен, аз да болсо укутук жоопкерчиликти сезип иш кылышы керек. Элибизде ойлонбой сүйлөгөн онтобогон ооруга чалдыгат делет. Ушундай деңгээли анчейин эместер күйгүзүшчү болду.