www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга АКШнын аскер делегациясынын келүүсү туура эмес. Мындай пикирин депутат Адахан Мадумаров бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Баткенге АКШнын аскер делегациясы келип, аны министрликтин орун басарлары тосуп алган. Эгемен өлкөгө, болгондо да кошуна мамлекет менен кырдаал чыңалып турганда бул - болуп көрбөгөндөй жорук. Биз ЖККнун мүчөсүбүз. Бизге бул түшүнүксүз маселе болуп жатат. АКШ менен биздин аскердик кызматташуу тууралуу келишимибиз жок. Анын долбоору да жок жана Жогорку Кеңеш тарабынан каралган да эмес. 

АКШнын аскер делегациясы кантип келип калды, аларды ким чакырды, кимдер менен кызматташып жатат, кандай макамда келди? Мын ушул боюнча кимдир бирөө жооп берип койсо, түшүнүктүү болот эле", - деди Мадумаров.

Ал өкмөттүн өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, бул маселени чечип берүүсүн суранды.

Алмасбек Абытов маселени тактап, маалымат берээрин билдирди.

Эскерте кетсек, 18-октябрда АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн делегациясы Тажикстандын аскердик агрессиясынын кесепеттерин көрүү, ошондой эле КР ӨКМдин ыкчам аракеттери менен таанышуу үчүн Кыргызстанга келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости