www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир пост жазган адамды экстремист деп камоо туура эмес. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов билдирди.

 “Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралып жаткан жыйында депутат  “Эксремизм деген эмне? Кыскача түшүнүк берип койсоңор” — деди.

ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын башкармалыгынын башчысынын орун басары Улан Бердибаев экстремизм бул кеңири түшүнүк экенин айтып, “бул чектен чыгуу дегенди билдирет”,  — деди. Ошондой эле, ал диний агымдар боюнча көптөгөн коркунучтар болуп жатканын белгиледи.

“Намаз окубаган, кудайга ишенбеген экстремисттер менен күрөшсөңөр туура болот. Бир пост жазган журналистти экстремист катары кармап жатасыңар. Руслан Бекназаров кичи ажылыкка барган, намаз окуган адам. Аны диний экстремисттик материалды жайылтты деп кармап жатасыңар. Бул уят да. Анда Кыргызстандын жарымын диний эксремист кылып саласыңарбы?”, — деди ал.

Депутат ошондой эле, диний экстремист деген түшүнүккө биринчи туура аныктама берүү керектигин жана динди жайылткан адамдарды эмес, каржы пирамидаларын ачкан адамдарды кармоо керектигин айтты.

Эскерте кетсек, Руслан Бекназаров социалдык тармактарда экстремисттик материалдарды таратууга шектелип,  14-сентябрда суракка чакырылып, андан кийин камакка алынган. 2-ноябрда Биринчи май райондук соту тарабынан үй камагына чыгарылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости