www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашева блогер Айбек Улановдун жазгандары экстремизмге тете экенин айтты.

Эл өкүлү ИИМдин өкүлдөрүнө кайрылып, блогер маркумду мазактаганы аз келгенсип, телеграм каналында ар кандай мыйзамсыз чакырыктарды жасаганын белгиледи.

“Аны экстремист катары карап, билдирүүлөрүн толук изилдешиңер керек эле. Cилер кечирим суратып туруп коё берип салдыңар”, — деди Айсулуу Мамашева.

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 38 жаштагы келин 26-майда жолдошу тарабынан өлтүрүлгөн. Ал октон алган жаракатынан каза болгон. 

Бул кылмыш коомчулукта резонанс жаратып, Уланов Айзиректин жасалма интеллект менен жасалган сүрөтү менен пост жарыялаган. «Аялыңыз 20 жылдыкта классташы менен жатып алганын билип калсаңыз, кандай карайт элеңиз?» деп жазган. Анын бул постту сынга алып, аны жоопкерчиликке тартууну талап кылышкан. Уланов билдирүүнү өчүрүп, бир нече сааттан кийин кечирим сураган видеону жарыялаган. 

Последние новости