www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков бутунан ажыраган өспүрүм кыздын ата-энесин Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгери Насира Бейшебаевага карата ырайым кылууга чакырды.
Депутат бул тууралуу 16-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Жумабеков окуя өкүнүчтүү экенин белгилеп, кыздын апасына дарыгер менен жарашуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү өтүндү.
«Мүмкүн болсо, дарыгерге ырайым кылып, кечириңиз.
Насира Бейшебаеванын дагы эки кызы бар. Жогорку соттун чечими менен эркиндикке чыгышына шарт түзүү үчүн компромисске барыңыз», — деди депутат.
Ал дарыгерди адис катары жакшы мүнөздөгөн бейтаптардын ата-энелери бар экенин айтып, ошол эле учурда кыздын бутунан ажыраганына байланыштуу үй-бүлөнүн кайгысын түшүнөрүн белгиледи.
«Биз сот процесстерине кийлигише албайбыз. Бирок алдыда үчүнчү инстанция бар.
Ырайым кылыңыздар, Насира Бейшебаеванын эркиндикке чыгышы сиздердин колуңуздарда», — деди Жумабеков.
Эске салсак, ЭБКУБнын нефрология бөлүмүндө дарыланып жаткан өспүрүм кыздын апасы дарыгерлерди кызынын бутунан ажырап калышына себеп болгон деп айыптаган.
Бул факты боюнча 2025-жылы ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголгон.
2026-жылдын февраль айында дарыгер-нефролог Насира Бейшебаевага КР Кылмыш-жаза кодексинин медициналык же фармацевтикалык кызматкердин кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы, анын кесепетинен этиятсыздыктан оор зыян келтирилгендиги тууралуу беренеси боюнча айып тагылган.
Бишкек шаардык соту Бейшебаеваны үч жылга эркинен ажыраткан. Буга чейин дайындалган пробациялык көзөмөл жокко чыгарылган.
Дарыгердин жактоочулары соттун чечимине даттанууну көздөп жатышат.