www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мен тарых үчүн кыргыз элинин, депутаттардын алдында айрым кесиптештерибиз маалыматты бурмалабай, так, ачык айтсын деген тилегимди айткым келет. Мындай пикирин депутат Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 2-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Комитеттин жыйынында биздин кесиптешибиз массалык камоолор абдан орой болду, Кыргызстандын тарыхында мындай болгон эмес деп жалган маалымат таратты. Урматтуу кесиптештер, эсиңиздерге салып коёюн. 2019-жылдын 8-9-августунда Сооронбай Жээнбеков кан досун, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин колу бутун кайрып, бүткүл дүйнө жүзүнө шерменде кылып камабады беле. Ошол кезде бир жоокерибиз каза болгон. Ал эми подполковник Самат Курманкулов майып болуп калды. Азыр майыптар арабасында отурат. А бул эмне тарых эмеспи? Ал кезде орой болгон эмеспи? Урматтуу кесиптештер, мен ошол кесиптешибизге айтат элем. Ошол кезде Сооронбай Жээнбековдун этегине намаз окуп, өзүн эмес күчүгүн сиз деп, иниси Асылбек Жээнбекодун портфелин көтөрүп жүрбөдү беле. Ал кезде ошол кесиптешибиз Тышкы иштер министри болуп турган. Эгер патриот болсо камоолор орой болду деп ошондо айтпайт беле", - деди депутат.

Белгилей кетсек, учурдагы депутат Чыңгыз Айдарбеков 2018-жылдан 2020-жылга чейин тышкы иштер министри кызматын аркалаган.

Алмазбек Атамбаев 2019-жылдын 8-августунда Кой-Таш айылындагы үйүндө кармалган. Ал дээрлик 3 жыл 3 айдан бери камакта отурат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости