www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дары-дармектер бизде өтө кымбат. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда депутат Адахан Мадумаров Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

"Эмне себептен Кыргызстанда оорулардын саны өсүп кетти? Ибн Сина оорулардын 99 пайызы коркунучтан пайда болот деп айткан. УКМКдан, милициядан, соттон, каралардан, кызылдардан коркуп отуруп кыргыздын баарын калтырак басып калды. Мына ушул коркунучтан улам оору күчөп жатат. Кыргызстанда жүрөк ооруулары биринчи орунга чыкты. Муну жөнөкөй маселе катары карабоо керек, бул улуттук маселе. Автомат көтөрүп жүрө турган жигиттер азайып, желкесине эки китеп илип койсоң, эки бүктөлүп калган жигиттер пайда болуп жатат. СССР маалында "Улуттун ден соолугу, өлкөнүн байлыгы" деген ураан айтылчу. Бизде азыр теңирден тескери болуп жатат.

Кант диабети менен жабыркаган жарандардын дары-дармектери бизде өтө кымбат. 15 мамлекетти салыштыра келсек, эң бийик баа Кыргызстанда. Янумет деген дарынын 28 даанасын 5 миң сомдон сатышат. Ал эми Түркия, Россия, Казакстанда 56 даанасы биздин акча менен эсептегенде 2,5 миң турат. Биздикилер беш колун эмес, чыканагына чейин малып алган. Антимонополия карабайт. Бизде дарыларды ким, канча алып келет жана канчадан сатаарын эки эле киши чечет", - деп билдирди депутат. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости