www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Интернатты бүтүргөндөн кийин жетим калган балдар үйсүз, окуусуз, жумушсуз калышат. Бул боюнча эч кандай коомдук иштер жүргүзүлбөй жатат, деп билдирди Шарапаткан Мажитова Жогорку Кеңештин жыйынында.
Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине тапшырма бергиле, деди депутат министрлер кабинетинин жана президенттин парламенттеги өкүлү Алмас Абытовго.
«5 жылдык мектеп-интернаттын бүтүрүүчүлөрү тууралуу азыр эмне менен алектенип жатканы тууралуу маалымат берсеңиз. Алардын үйү, жумушу, окуусу барбы. Программа түзүп, ошонун негизинде иш алып баруу керек», - деди Мажитова.
Депутат министрлер кабинетинин төрагасынын социалдык маселелер боюнча орун басары Эдил Байсаловду эске сала кетти.
«Социалдык чөйрөнү көзөмөлдөгөн Эдил Байсалов саясат менен эле алектене бербей, Баткендеги жарандарга психологиялык жардам көрсөтсө болмок. Баткендеги көптөгөн балдар жана аялдар чек арадагы окуялардан соң психологиялык жактан жабыркады. Азыр болбосо, анын кесепети өз убагында болот», - деди Шарапаткан Мажитова.
Булак: NazarNews.kg