www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биз азыр абдан татаал чечимдердин алдында турабыз. Кемпир-Абад боюнча келишим келди,  деп билдирди депутат Нуржигит Кадырбеков Жогорку Кеңештин жыйынында.

Мындан улам кечээ мен добуш берүүгө катышкан жокмун, деп белгиледи депутат.

«Бул менин нааразычылыгым болчу, аны мен маданияттуу түрдө көрсөттүм. Эгер сен бирөөнүн күнөөсүн өзүңө алгың келсе, анда аны жамандаш керек деп айтылат. Эки күндөн бери мени катышыптыр, кворум кылып бериптир, деп жалган жалаа жаап жатышат. Муну ойлоп тапкандардын баарына рахмат, мага келиңиз, 10 миң сом берүүгө даярмын. Ошол калпыңыздар үчүн рахмат силерге», - деди Кадырбеков.

Депутат президенттен Кемпир-Абад боюнча чечимге 3-4 жылга мораторий жарыялоону суранды. 

«Биз бардык документтерди текшермейинче, карап чыкмайынча ооба же жок деп айта албайбыз. Азырынча чечим чыгарбайлы. Мен президенттен маданияттуу түрдө суранам, биз сизди ошондо да колдогонбуз, азыр да колдойбуз», - деди Кадырбеков.

Өткөн жолу депутаттардын бири дин боюнча мамлекет башчысын сыйлаш керек деп айткан, деп кошумчалады депутат.

«Мен диний ишмер эмесмин, бирок маалыматты карасам, мамлекет башчысын чындап сыйлаш керек экен. Ар бир президентке Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев, Жээнбеков деген күлкүлүү лакап аттарды койдук. Маданиятпы же жокпу билбейм. Ал эми кыргыздын уулдарына эч качан ат коюлган эмес, эл аралык протоколдо дагы мындай нерсе бар: урматтуу президент, министр мырза. Анан атасынын атын да айтабыз. Бул чындыгында советтик маданият, биз андан алыстап, өзүбүздүн маданиятыбызга өтүшүбүз керек. Бирок сый менен шылдыңдын айырмасы бар», - дейт Нуржигит Кадырбеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости