www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 6-апрелде Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйыны өтүп жатат. Анын жүрүшүндө депутат Бейшеналы Нурдинов Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция боюнча маселе көтөрдү.

«Экотехинспекция жоюлган, туурабы? Алардын функциясын эми ким аткарат?», - деп суроо салды.

Депутат буга чейин Экотехинспекция курулуш иштеринин сапатын жана мыйзамдуулугун текшерип келгенин эске салды.

«Эми көзөмөлдөө функциясы сизде, Гүлмира Курманбековна. Өзүңүз куруп, андан кийин өзүңүз текшергениңиз туурабы?», - деп сурады Нурдинов.

Ал өкмөт бул тууралуу ойлонбогонун, өзүнчө көзөмөлдөөчү орган болсо жакшы болорун билдирди.

Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министри Гүлмира Абдралиева чын эле кызыкчылыктардын кагылышы жараларын айтты.

«Өзүнчө инспекция түзүлөт, анын жетекчисин премьер-министр дайындайт. Саясаты министрлик тарабынан жүргүзүлөт, бирок көзөмөлдөө жана текшерүү функциялары ушул инспекцияда болот», - деди министр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости