www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элдердин акчасын алып, качып жүргөн турак жай кооперативдеринин жетекчилери менен ИИМ күрөшө албай келет. Мындай пикирин депутат Шайлообек Атазов бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдириди.

"Өткөндө Жогорку Кеңештин алдына "Береке" турак жай кооперативинен жабыркаган жарандар митингге чыгышты. Мен жеке ИИМдин министри Улан Ниязовго байланышып, жогоруда айтылган маселени чечип берүүсүн сурандым. Ал аталган кооперативдин эки жетекчиси камалганын, дагы экөө Түркияга качып кеткенин билдирди. Элдерди ыйлатып жүргөн топторго мыйзамдын чийкилигинен ИИМдин күчү жетпей жатабы же жөн гана кайдыгерлик болуп жатабы? Эмне себептен алар менен күрөшө албай жатасыздар? Же алардын элдерден миллиондоп акча алгандарын далилдей албай жатасыңарбы?", - деп депутат ИИМдин башчысынын орун басары Нурбек Абдиевден сурады.

Абдиевдин айтымында, ар кандай кооперативдер боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүнө карабай жарандар алданып калып жатат.

"Бул учурда өтө көйгөйлүү маселе. Акыркы убактарда мындай турак-жай кооперативдеринин саны өсүп кетти. Алардын системасы финасы пирамидасы сыяктуу. Башында акча салгандар үйлүү болушу мүмкүн, бирок, андан кийинкилери же акчадан жок, жек үйдөн жок калышат. Мындай көрүнүштөрдүн алдын алуунун максатында азыр камакта отурган "Ихсандын", "Берекенин" жетекчиси, финансы министрилиги жана башка ведомстволор менен чоң жыйын өткөргөнбүз. Кантип, кандай система менен иштеп жатканыңарды бизге, элге түшүндүрүп бергиле, элдерди алдоо кадамдарына барбагыла деп эскерткенбиз. Бирок алар мыйзамга каршы иш алып барышкандыктан, кылмыш иши козголуп, учурда камакта отурушат. Ички иштер министрлиги ММК, социалдык тармактар аркылуу жарандарга бул боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз. Бирок ага карабай жарандар алданып калып жатат", - деди Абдиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости