www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Жумалиевдин уулу менен тууганы үй камагына чыкты

Биринчи май райондук сотунун 31-январдагы чечими менен Э.Б.Жумалиев үй камагына чыгарылган. Ал 29-мартка чейин үй камагында болот.
Ошондой эле С.М.Мырзабеков 29-мартка чейин үй камагына чыкты.

Финансы полициясы чет өлкөлүк инвестор — Германиянын «Б.Ф.» деген жаранынын арызы боюнча, өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталганын билдирген.

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жумалиев Кубанычбек Мырзабекович жана башка адамдар анын ишенимине кирип алып, 200 миң АКШ долларын гана төлөп, 1 миллион АКШ доллар турган жабдууларды алышкан.

Бул адамдардын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында чет өлкөлүк “М.Г.БВ” компаниясына 800 миң долларлык зыян келтирилген.

28-январда Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык кылмышка шектүү деп “А.Ю.К.” ЖЧКнын директору М.С.М. кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

29-январда Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык “С.К.” ЖЧКнын директору Ж.Э.С. кармалды.

Бул иш үчүн маанилүү болгон буюмдар жана документтер жоголуп, бузулуп же жок болуп кетиши мүмкүн деген кооптонуулар болгонуна байланыштуу, Жумалиевдердин үй-бүлөсүнө таандык университеттин аймагында жайгашкан бул фирмалардын кеңселеринде кечиктирилгис издөө иштери жүргүзүлүп жатат», - деп билдирген Каржы полициясы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости