www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Манас” эпосунун өздүк күнүн белгилөө 4-декабрга туш келген. Анткени, дал ушул күнү улуттук эпосубуз ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине расмий катталган. Бул иште кыргыз парламентинин ролу зор. Депутаттар тарабынан “Манас” эпосун сактоо жана өнүктүрүү иштерине байланышкан руханий маданият менен улуттук идеологиянын чегиндеги мамлекеттик саясатты аныктаган мыйзам иштелип чыккан. Анын демилгечилеринин бири депутат Каныбек Иманалиев бүгүн, 4-декабрда “Парламент” радиосунун түз эфиринде кеңири маалыматтар менен бөлүштү.
- “Манас” эпосу бүтүндөй энциклопедия. Андан илимдин баардык тармагын табууга болот. Котормочуну талап кылбаган өзгөчөлүү өнөр, - дейт анда депутат.
- Спорттун, маданияттын башат алган өлкөлөрү так аныкталган сыяктуу эле, эпостордун да булагы болгон өлкө таанылышы керек. Мисалы, Кыргызстан дүйнөлүк эпосияданын борбору боло алат. Анткени, дүйнө жүзүндө 7 миңдей улут болсо, алардын жыйырмасында гана эпос жаралган. Алардын арасында эң көп эпосу бар өлкө - Кыргызстан. Ошондуктан, дүйнөлүк эпос таануучулардын съездин 4-5 жылда бир Кыргызстанда өткөрүп турсак жакшы демилге болмок, - деди депутат Иманалиев.
Калкыбыздын көөнөрбөс казынасына айланган “Манас” эпосун сырткы күчтөр туш келди жоромолдогон макалаларын гезит беттерине жарыялап жибергендигин айткан эл өкүлү, “Литературная газета” басылмасын кошо ала келип, андагы “Манас” эпосу кезегинде "Сталиндин буйругу менен жазылган" деген жалган жамакты далилдүү негиздер менен четке кагып берди.
- Керек болсо, “Манас” эпосунун байыркылыгын ушундан билсе болот: аталган чыгарма 1894-жылы немец тилине которулгандыгын айтсак талашка чекит коюлат. Жөнү жок жөөлөмөшмөйдүн акыры жаман болчу эле. Андай фактылар бар. Ошондуктан, “Манас” эпосунан өөн тапкандар өспөйт, - дейт К.Иманалиев жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган жагдайларды мисалга тартып.