www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын ИИМдин башчысы Кашкар Джунушалиев Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сигэка Маэда менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 4-декабрь күнү Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сигэка Маэда менен жолугушту. Элчи бул кызматка жакында дайындалган. Аны Япониянын  Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Экинчи катчысы, айым Эико Мацумото коштоп келди. 

Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев мырза Сигэки Маэда мындай жоопкерчиликтүү кызматка дайындалгандыгы менен куттуктап, ага бул кызматта коюлган мимлдеттерди аткарууда ийгиликтерди  каалады. 

Жолугушуунун жүрүшүндө  тараптардын кызыкчылыгын көздөгөн маселелер талкууланып, өз пикирлери менен бөлүшүштү. Ошондой эле, кыргыз-япон мамилелерин мындан ары бекемдөө тууралуу маселелер каралып, тараптар укук коргоо түзүмдөрүнүн эки тараптуу кызматташууларынын учурдагы деңгээлин жогору баалышып, аны мындан ары өнүктүрүү боюнча өз пикирлерин билдиришти. Бул  Кыргыз Республикасынын ИИМдин башчысы менен жаңы дайындалган  элчининин биринчи жолугушуусу болду.

Өз кезегинде, Кашкар Джунушалиевге жылуу тосуп алгандыгы үчүн мырза Сигэка Маэда ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстан менен Япониянын мамилеси жогорку денгээлде экендигин баса белгиледи. Ал эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүгө, анын ичичнде ички иштер чөйрөсүндө дагы  бардык күчүн жумшай тургандыгын айтып өттү.

"Кыргыз Республикасынын ИИМи укук коргоо чөйрөсүндөгү маселелер боюнча кызматташууга ачык"-деп министр  жолугушууну жыйынтыгында билдирди.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости