www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Самат Ибраев VI чакырылыштын мөөнөтү бүткөндөн кийин Ак үйгө түз кирип-чыгууга уруксат берүү керектигин айтып чыкты
Белгилей кетсек, бүгүн аталган чакырылыштын депутаттарынын акыркы жыйыны өтүп жатат.
"Биздин депутаттар Жогорку Кеңештин имаратына абдан чоң эмгек кылышты. Мындайча айтканда, өзүнүн өмүрүнүн бир бөлүгүн калтырып кетти. Ошондуктан бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында токтом менен кабыл алып койсок. Биздин кесиптештер келген депутаттарга жардам берет, жаш муундардын өсүшүнө да салым кошот деп ойлойм. Ошондуктан Жогорку Кеңештин имаратына өзүнүн 6-чакырылыштагы күбөлүгү менен кирип-чыгууга уруксат берүүнү сунуштайт элем", — деди Ибраев.
Төраганын милдетин аткарып жаткан вице-спикер Аида Касымалиева депутаттар мөөнөтү бүткөндөн кийин мыйзам, регламент боюнча каралган жагдайлар менен кире аларын айтып, мындай сунуш ашыкча экенин белгиледи.
Булак: NazarNews.kg