www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйыны өтүп жатат. Анын жүрүшүндө депутат Тынчтыкбек Конушбаев Бишкек шаардык мэриясын сынга алды.
«Биз «Бишкек башкы архитектураны» Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине өткөрүп берүү маселесин экинчи жолу карап жатабыз. Мэриянын өкүлдөрү дагы эле жок», - деди Конушбаев.
Ал жыйынга жеке ишкерлер — курулуш тармагынын өкүлдөрү келишкенин айтты.
«Биз күн тартибине атайын 1 гана маселени койдук. Бүгүнкү жыйынга ассоциациялардын, ЖИАнын өкүлдөрү келди. Алар кандай жыйынтык чыгарышат деп күтүп жатышат. Биз бүгүн бул маселе боюнча экинчи жолу жыйын өткөрүп жатабыз, Бишкек мэриясынан эч ким келген жок, бизди тоготпой жатышат. Биз кайра-кайра жыйын өткөрө албайбыз, биз иштейбизби же аларды күтүп отура беребизби. Жоопкерчилик жок, биз бүгүн бул маселени карап, комитеттин чечимин чыгарышыбыз керек», - деди Конушбаев.
Булак: NazarNews.kg